• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Маршруттук айдоочулар камсыздандыруу үчүн күнүнө 6 сомдон төлөшү керек – Мамфинкөзөмөл

Коом 0

Бишкек, 02.04.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамды сактоо үчүн жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жоопкерчилиги 2012-жылдан тарта бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Мамлекеттик финансылык көзөмөл аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов билдирди.

Анын айтымында, жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзамдын өзү 2008-жылы кабыл алынып, 2010-жылы күчүнө кирген.

“Кечээки күндөн бери эмне өзгөрдү? Өкмөттүн жаңы жол эрежелери тууралуу токтому күчүнө кирди. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери камсыздандыруу полисинин бар жогун текшере алышары жазылган. Ушундан улам, текшерүүлөр башталып, көптөрүнүн камсыздандыруу полистеринин жоктугу айыптардын салынышына алып келди”, - деп түшүндүрдү ал.

Байбосунов жүргүнчүлүк транспорттун айдоочулары 8 жыл бою мыйзам бузуп, полиске төлөбөй келишкенин тактап өттү.

“Эгерде 15 орундуу бустарды алсак, анда жылына полиске 2049 сом төлөнөт. Демек, бир жүргүнчүлүк орунга 136 сомдон. Эгерде күнүнө бөлө турган болсок, анда бир маршруттун айдоочусуна 6 сомдон тиет. 4 жүргүнчүлүк орундуу таксилерге жылына 500 сомдон туура келет”, - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары Нурлан Байбосунов кооптуу жүк ташуучулардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзам бар экенин эскертти.

“Кооптуу жүктөргө КММ, химиялык, газ же токсиндик заттар кирет. Тагыраагы бензовоздор камсыздандыруу полистерин алуулары кажет. Мында камсыздандыруунун баасы тоннасынан көз каранды. Биз талдап чыктык, көрсө 6 жылдан бери кооптуу жүк менен бир дагы унаага камсыздандыруу полиси алынбаптыр. Анткен менен биз жыл сайын канча кырсыктар болуп жатканын көрүп жатабыз” , - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектин бардык кичи автобус айдоочулары камсыздандыруу полисинин жоктугу үчүн айып салуунун киргизилишине каршы иш ташташты. Мэрия бул маселени бүгүн чечүүнү убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий