• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маршруттук кагаз менен үйдөн 1,5 чакырымдан алыс кетүүгө болобу? – Коменданттын жообу

Коом 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев кайсы учурда маршруттук кагаз менен үйдөн 1,5 чакырымдан алыс кетүүгө боло турганын айтып берди.

Ал, дарыкана, дүкөнгө чыкканда үйдөн 1,5 чакырымдан алыс кетүүгө чектөө киргизилгенин белгилеп, бирок ал аралыкта дүкөн, дарыкана болбосо үйдөн 1,5 чакырымдан алыс кетүүгө болорун билдирди. Бирок жаран бара турган жерин маршруттук кагазда көрсөтүшү керек.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-апрелге карата коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий