• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маршруттук унаалардын айдоочуларына коркутуу жана кол салуу боюнча арыз түшкөн жок – ШИИБ

Коом 0

Бишкек, 03.04.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Шаардык милицияга маршруттук унаалардын айдоочуларына карата коркутуу жана кол салуу болду деген арыз түшкөн жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИББнин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымында, кечээки күндөн тарта маршруткалардын 16 соңку аялдамасында милиция посттору орнотулган, алар маршруттук унаалардын бригадалары менен биргеликте коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшкөн.

“Кечээтен бери азыркы учурга чейин маршруткалардын 16 соңку аялдамасында посттор орнотулган, анда 3-8 адамга чейин туруп, коомдук коопсуздук камсыздашууда. Ошондой эле шаар боюнча мобилдик батальон иштеп жатат, алар келип түшкөн билдирүүлөргө ыкчам чараларды көрүшүүдө. Андан тышкары, калаанын төрт районунда милиция кызматкерлери жана маршруттук унаалардын бригадаларынан түзүлгөн ыкчам чара көрүү тобу түзүлгөн”,-деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, кечээ камсыздандыруу полисинин жоктугуна салынуучу айыптын киргизилишине байланыштуу Бишкектеги кичи автобустардын айдоочулары иш ташташкан. Ошондой эле мунайзат продукциясын ташуучулар дагы камсыздандыруу полисинин жоктугу үчүн айыптын киргизилишинен улам нааразычылык билдирип чыгышты. Аталган “акция” канча күн уланаары белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий