• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Март айында бардык аким жана алардын орун басарлары аттестациядан өтөт

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда март айында райондун акимдери жана алардын орун басарлары аттестациядан өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, президентин 29-январдагы №2 "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында Мамлекеттик кадр кызматы жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациядан өткөрөт.

"Биринчи аттестация 10-мартта башталат. Аттестация өткөрүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Алардын катарына президенттин аппаратынын, өкмөттүн, Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары жана эксперттер кирет", - дейт ал.

Маматалиев аттестациялоо 3 этапта өткөрүлөрүн айтат.

"1-этапта акимдердин жана алардын орун басарларынын ишмердиги иликтенет. 2-этапта жалпы мыйзамдарды билүүгө жана маанилүү жеке сапаттарды аныктоого компьютердик тестирлөө өткөрүлөт. 3-этапта комиссия тарабынан өткөрүлүүчү баарлашуу болот. Аттестацияны ийгиликтүү өткөн кызмат адамдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу администрациялардын жетекчилеринин кызмат орундарын ээлөөгө сунушталат. Эң мыкты кадрлар кызмат жогорулатуу үчүн кадрлар резервине киргизүүгө сунушталат. Ал эми талаптарга туура келбеген адамдар кызматтан бошотууга сунушталат", - деди Кадр кызматынын директору.

Абдырахман Маматалиев кошумчалагандай, аттестациянын жыйынтыгы Мамлекеттик кадр кызматында чыгарылып, чечим кабыл алуу үчүн өкмөткө жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий