• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Март айында карантинге жабылган Париждеги Лувр музейи кайрадан ачылды

Дүйнө 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Коронавирустан улам март айында карантинге жабылган Париждеги Лувр музейи кайрадан көрүүчүлөр үчүн эшигин ачты.

Музейде белгилүү бир убакытка чейин айрым чектөөлөр күчүндө болот: имарат ичине кирген адамдардын бардыгы медициналык беткап тагынууга милдеттүү болуп, кардарлардын саны жана алардын музей ичиндеги жүрүүсү катуу көзөмөлдөнөт.

13-мартта карантинге жабылгандан бери Луврга болжол менен 40 миллион евро өлчөмүндө киреше түшпөй калды.

Дүйшөмбү күнү музейдин алдында туристтик гиддердин нааразылык акциясы өттү. Алар бийлик туристтик тармактагы жумушчуларды колдоо үчүн жетиштүү аракеттерди көрбөй жатканын билдиришти.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон июнда коронавирустун үстүнөн «алгачкы жеңиш» болгонун айтып, эпидемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөр акырындык менен алына баштаган.

Пикир

Оставить комментарий