• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Марта Новакова: КР чет элдик инвестицияларды тартуу жана пайдалануу үчүн жакшы шарттар түзүлдү

Экономика 0

Бишкек. 10.04.19 /Кабар/. Кыргызстанда чет элдик инвестицияларды тартуу жана аны пайдалануу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу Чехиянын өнөр жай жана соода министри Марта Новакова вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен болгон жолугушууда билдирди.

Новакова эки өлкөнүн ортосундагы өнөр жай боюнча салттуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана аны улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Бизде бири-бирибиз үчүн европа жана азия рынокторуна кирүү боюнча хаб болууга бардык шарттар бар", – деп кошумчалады ал.

Марта Новакова белгилегендей, Кыргызстанда чет элдик инвестицияларды тартуу жана аны пайдалануу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн, буга байланыштуу чех компаниялары Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар, анткени, акыркы мезгилде Чехияда жогорку квалификациядагы жумушчу күчү жетишсиз болууда.

Тараптар бардык актуалдуу багыттар боюнча өз-ара активдүү кызматташтыкты улантууга жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча Жол картасын иштеп чыгууга даярдыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий