• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Март айында 1 кубметр газдын баасы калк үчүн 14,47 сом болот

Экономика 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. 2017-жылдын март айына карата жаратылыш газынын баасы республиканын калкы үчүн 1 кубметри 14,47 сомду түзөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгы жана сатуу салыгынын эсепке алганда 1 кубметри 17,74 сомду, ал эми салыксыз 17,58 сомду түзөт.

1-мартка карата доллардын сомго карата расмий курсу 69,17 сомду түздү.

КРнын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин буйругуна ылайык, “Газпром Кыргызстан” ЖЧК ай сайын КРнын Улуттук банкы тарабынан бир айдын биринчи күнүнө карата коюлган доллардын сомго карата расмий курсу боюнча тарифтерди эсептеп чыгууга милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий