• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Мартта аба ырайы кандай болорун синоптиктер айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Синоптиктер март айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп, 4...7° жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 1…3 градус жылуу болушу күтүлөт.

Абанын эң төмөнкү температурасы айдын биринчи он күндүгүндө болушу мүмкүн, кээ бир күндөрү абанын түнкү температурасы -3…-8 градус суукка, күндүз 0…5° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт. Ай ичинде көпчүлүк күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан 2...7° жылуулукка чейин, күндүз 8…13° жылуулуктан 15...20° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 43-56 мм, тоо этектериндеги райондордо 30-52 мм).

Талас облусунун аймагында:

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градустан жогору болуп, 3…5° жылуу болушу күтүлөт.

Айдын башында кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 градус суукка, күндүз 0…5° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктан 1…6° жылуулукка чейин, күндүз 7…12° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (35-37 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында:

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп 7…9°, тоо этектериндеги райондордо 3…5° жылуу болушу күтүлөт.

Айдын башында кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° суукка, күндүз 1…6° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5° жылуулуктан 6...11º жылуулукка чейин, күндүз 10…15° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -2° суук…3° жылуулуктан 4...9° жылуулукка чейин, күндүз 7…12° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (26-91 мм, тоо этектериндеги райондордо 34-122 мм).

Ысык-Көл облусунда:

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп 2…4° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7° сууктан 1…6º жылуулукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (5-16 мм, чыгышында 29-35 мм).

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында:

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5º жогору болуп 0…2º жылуу, Кочкор районунда 1…3° жылуу болушу күтүлөт.

Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз 0…5° жылуу болушу айдын биринчи жарымында күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 0…-5° суукка, күндүз 3…8° жылуулукка чейин, Кочкор районунда 10...15° жылуулукка чейинболушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (20-35 мм).

Суусамыр өрөөнүндө:

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1...1,5º жогору болуп, -7…-9° суук болушу күтүлөт.

Абанын эң төмөнкү температурасы айдын биринчи он күндүгүндө күтүлүп, түнкүсүн -18…-23°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (23-25 мм).

Пикир

Оставить комментарий