• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марттын башынан бери жол кырсыктарынын азайышы байкалууда – Автоинспекция

Коом 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Кыргызстанда марттын башынан бери жолдордо жол кырсыктарынын азайышы, ошону менен бирге өлүмдүн саны азайганы байкалууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов билдирди.

"Жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелерин сактай башташты", - деди Саркулов «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешмеде.

Анын айтымында, 2019-жылдын 4-мартынан баштап 12 734 жол эрежесин бузуу жөнүндө токтом иштелип чыккан, алардын ичинен 5 686 дарегине жеткирүү үчүн почта органдарына өткөрүп берилди.

"Унаа айдоочулар арасында кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жаралган бардык юридикалык маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу жүрүүдө. «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы жол эрежелерин бузуулар жөнүндө токтомдорду жеткире баштады", - деди Саркулов.

Эске салсак, Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-февралынан тарта «Коопсуз шаар» долбоорун иштей баштаган. Бирок өкмөт жол эрежесин бузгандарга 4-мартка чейин айып пул салынбайт, деп билдирген.

Пикир

Оставить комментарий