• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марттын үчүнчү ишембисин бак-дарак отургузуунун улуттук күнү катары белгилөө сунушталды

Коом 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “Март айынын үчүнчү аптасынын ишемби күнүн “Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү” деп жарыялоо жөнүндө” токтомдун долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева токтом долбоору боюнча баяндама жасады.

Долбоор экологиялык жана санитардык абалды жакшыртуу, республикадагы шаарлар менен калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу, бак-дарак аянттарын көрктөндүрүүнү жана көбөйтүүнү колдоо максатында даярдалган. Ошондой эле атмосфералык абаны булгоочу заттардын концентрациясы көбөйүп жаткандыгы да бул токтом долбоорунун иштелип чыгышына себеп болгон.

Депутат А.Алтыбаеванын айтымында, бак-дарак отургузуу күнү сыяктуу күндөр Россияда, Казакстанда, Кытайда жана башка бир катар өлкөлөрдө белгиленип, өз натыйжасын берип келүүдө.

Долбоорго ылайык, ар жылдын март айынын үчүнчү аптасынын ишемби күнүн Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү деп жарыялоо менен облус, район, шаар бийликтери бак-дарак көчөттөрүн отургузуу, аларды асыроо жана сактоо иш-чараларын көрөт.

Талкууда каржы булактарын издеп табуу маселеси боюнча КР Өкмөтү менен макулдашылгандыгы такталды. А.Алтыбаеванын маалыматында, токтом менен талап кылынуучу бак-дарак маселеси боюнча өлкө аймагындагы питомниктерде көчөттөр жетиштүү.

Депутат Исхак Масалиев бул маселени Өкмөткө тапшырма катары эле берүүнү сунуштап, атайын токтом кабыл алып, ага улуттук деген макам берүүнүнүн зарылчылыгы жоктугун айтты. Мындай пикирди депутаттар Акылбек Жапаров, Курманкул Зулушев улады.

Пикир

Оставить комментарий