• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марттын этегинде Арбитраждык сот оор атлет И.Артыковдун иши боюнча чечим чыгарышы мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 3-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Үстүбүздөгү жылы марттын этегинде спорттук арбитраждык сот тыюу салынган стрихнин дарысын колдонгон деп айыпталган спортчу Иззат Артыковдун иши боюнча чечим чыгаруусу мүмкүн. Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдиргендей, азырынча арбитраждык соттун чечими жок.

“Медаль бизде. Биздин спортчу али дисквалификация боло элек. Казакстан, Россиянын спортчуларын анаболик каражаттарды колдонгондугу үчүн дисквафикация кылышты. Ал эми биздики чечиле элек. Соттун чечими биз үчүн туура чыгат деп ишенип турабыз”, - деп билдирип, марттын этегинде чечим чыгарын кошумчалады.

Ошондой эле, федерациянын вице-президенти сот жыйыны 11-январда Лозанеде (Швейцария) өтүп, анда тергөө жүргүзүү керектиги маалымдалганын белгиледи. “Азырынча биз соттун чечимин күтүп жатабыз”, - деди У.Молдодосов.

Мындан тышкары, Мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Спорттук арбитраждык соттун чечимине карабастан, спортчуга үстүбүздөгү жылдын январынан тартып июнга чейин стипендия берүү чечимин кабыл алган. Мамагенттик сайтына И.Артыков курамына кирген стипендия алуу спортчулардын тизмесин жарыялаган. “Мамагенттиктин стипендиялык фондду аныктоо жана буйрукка ылайык бекитилген спортчулардын стипендиясын алуу боюнча стипендиялык комиссиясы бар”, - деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык оор атлет Иззат Артыков Риодо өткөн жайкы Олимпиадалык оюндарда допингден улам коло медалынан ажыраган. Тыюу салынган дары каражаттарына текшерүү И.Артыковдун канында стрихин дарысынын бар экендигин көрсөткөн. Учурда соттук тескөөлөр жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий