• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мас абалында “Космопаркта” ок чыгарган Бишкек ШИИБ тергөөчүсү кызматынан бошотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Мас абалында “Космопаркта” ок чыгарган Бишкек ШИИБдин Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү М.Р. КР ички иштер органдарынан терс мотивдер боюнча бошотулду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 2-апрелинде болжол менен таңкы 4:30 чамасында шаардык милициянын 102 номерине 7-кичи райондогу “Космопарк” эс алуу борборунда белгисиз адамдар тапанчадан ок атып, унаа менен окуя болгон жерден качып кеткендиктери билдирилген.

Буга байланыштуу Бишкек ШИИБ жашырынып кеткен унааны таап, кармоо планын жарыялаган.

Белгиленген унаа кармалганда, анын айдоочусу Бишкек ШИИБдин ТБ тергөөчүсү М.Р. болуп чыккан.

Күбөлөндүрүүдө милиция кызматкери мас абалында экендиги аныкталган.

Ошондой эле, М.Р. өзүндөгү МР-80-13 Т үлгүсүндөгү травматикалык тапанчаны өз ыктыяры менен тапшырган.

Учурда Бишкек ШИИБдин Жеке коопсуздук кызматы кызматтык тергөө жүргүзүп жатат.

Милиция жетекчилиги тарабынан терс мотивдерге байланыштуу тергөөчү М.Р.ди КРнын ички иштер органдарынан бошотуу чечими кабыл алынды.

Топтолгон материалдар тергөө органдарына юридикалык баа берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий