• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мас абалында унаа башкарган 90 айдоочуга 1,5 млн сомдон ашуун айып салынды. Бишкекте "Бахус" рейди өттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Үч күндүк “Бахус” аталышындагы рейд учурунда кайгуул кызматкерлери тарабынан Бишкекте шаарында 90 мас айдоочу аныкталып, 1 млн 575 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы учурда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып, көптөгөн жарандар жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алууда. Ага айдоочулардын жол эрежелерин так сактабагандыгы себеп болууда.

Ошондуктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери дем алыш күндөрү “Бахус” аталышындагы атайын жол кырсыктарынын алдын алуу багытында рейд өткөрүп, 3 күндүн ичинде 2 миң 648 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.

Алардын ичинен;

- мас абалында автоунаа башкарган 90 айдоочуга 1 млн 575 миң сом айып салынды;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 143 ;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 7;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 2 399. Ал эми кандай жол эрежелерин бузган 289 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий