• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мас абалында уруша кетишкен. Сокулукта аялынын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Сокулук районунда аялынын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-декабрында Сокулук РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканага денесине ар түрлүү жаракат алган аял түшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн.

Анын негизинде окуя болгон жерге Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда жогорудагы аялдын өздүгү аныкталып, ал 1980-жылы туулган К.Э. экендиги такталып, ал өзүнө келбей каза болгонду маалым болгон.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси ("Саламаттыкка оор зыян келтирүү") боюнча катталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын 1973-жылы туулган Б.К. аттуу күйөөсү кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жубайлар мас абалында уруша кетишип, жыйынтыгында аялы алган жаракаттарынан каза болгон.

Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий