• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мас абалындагы чиновник тууралуу айткан КРнын Кореядагы элчиси дипломаттык этика нормаларын бузду – ТИМ

Саясат 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги КРнын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан мурдагы министрдин орун басары Зууракан Каденованын учак бортундагы жүрүм-туруму боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, дипломаттык этиканын элементардык нормаларын бузду деп эсептейт.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, биринчиден, Кылычбек Султандын мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жана эрежелерин жөнгө салган КРнын мыйзамынын жобосун бузуусуна көңүл буруу керек.

“Экинчиден, ТИМде биздин пикирибиз боюнча элчинин өзү тарабынан болгон белгилүү бузууларды көрсөткөн маалыматтар бар. Алар тастыкталган учурда тиешелүү органдарга өткөрүлүп берет. Көрсөтүлгөн бузуулар К.Султанды мындай аракетке түрттү десек болот”, - деп айтылат маалыматта.

Мындай жагдайга байланыштуу министрлик элчинин азыркы ээлеп турган кызматы боюнча маселени да карап чыгат.

Ошондой эле министрлик тиешелүү мамлекеттик органдарга К.Султан айткан маалыматты изилдөөгө толук жана ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр.

Буга чейин ЖМКларда Сеулдун аэропортунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова жаңжал чыгаргандыгы үчүн рейстен четтетилгендиги жазылган. Маалым болгондой, ал мас абалында болуп, бортто коштоп жүрүүчүлөргө кыйкырган.

22-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Зууракан Каденованы ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрукка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий