• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Масадыков Пакистан премьеринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Кечээ, 21-октябрда КР Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков федералдык министр даражасындагы Пакистандын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Моид Юсуф менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Афганистандагы жана анын айланасындагы кырдаалды, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Эки тарап тең Афганистандагы кырдаалды эртерээк турукташтыруунун маанилүүлүгүн жана регионалдык коопсуздукту камсыздоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий