• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Масадыков Пакистандын ТИМ башчысынын биринчи орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-октябрында КР Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Пакистандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Сохэйл Махмууд менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кыргыз-пакистан кызматташтыгы, Афганистандагы жана анын айланасындагы кырдаалды, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Эки тарап тең Афганистандагы кырдаалды турукташтыруу үчүн CASA-1000, ТАПИ жана Пакистан, Афганистан жана Өзбекстан ортосундагы темир жол куруу, регионалдык долбоорлордун маанилүүлүгүн жана аймактык коопсуздукту камсыздоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий