• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Масалиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү 10-августка чейин жабылат

Коом 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Оңдоо иштерине байланыштуу Масалиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, 20-июлдан тарта Масалиев көчөсүндөгү кыймыл жабылган. 19-июлдан тарта Масалиев менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгүн орнотуу иштери жүрүүдө.

Оңдоо иштери 10-августка чейин жүргүзүлөт. Жумуштар ылдам темпте жүрүп жаткандыктан, мөөнөтүнөн эрте бүтүшү мүмкүн.

Андан сырткары 21-июндан бери Фрунзе көчөсүндөгү Абдрахманов көчөсү жана Эркиндик бульварынын ортосунда газ түтүгүн орнотуу иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштери 8-августка чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий