• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Машыгуудан чыгып алып тамак жегендер көбүнчө толуп кетишет – Асел Миңбаева

ТАГДЫР 0

Чыгыш бийи көркөм гана болуп саналбастан, айымдар үчүн ден соолукту чыңдоо, дене формасын сактоо багытында да таасирдүү болуп эсептелет. Бүгүнкү маектешибиз “Асель Банум” бий тобунун жетекчиси Асел Миңбаева бийдин бул түрүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кызыктуу кеп куруп берди.

- Асел, айтсаңыз, чыгыш бийин бийлөө да сиздин кыялыңыз беле? Балачактан бери аркалап келе жатасызбы?

- Сиз айткандай эле бийчи болуу бул менин балалык кыялдарымдын бири. Кичине кезимден баштап бийге сүңгүп кирдим. Убакыттын өтүшү менен деле бийге болгон каалоом, кызыгуум өчкөн жок, тескерисинче күчөдү десем болот. Балачагымда жаңы бийлерди ойлоп таабып, курбу кыздарыма үйрөтүп, мектептеги майрамдык кечелерге даярдачумун. Көрсө ошондо эле, бий устаты болчу экем. Ар бир адам жан дүйнөсүнө жакын нерселер менан алектенбесе өзүн бактысыз сезип күндөрү күнгө окшошпой калат эмеспи. Ошол сыяктуу мен дагы бийлеп, музыка укпай калсам кадимкидей кыйналып кетем.

- Чыгыш бийин бийлеп жаткандарды карап туруп, аткаруу алда канча кыйын экенин байкайсын. Сиздин оюңузча бийлеп кетүү шакирттин өзүнөнбү же устаттан көз карандыбы?

- Адам эмес жаныбарларды деле ар түрдүү өнөрлөргө үйрөтүп жатышпайбы. Ар бир адам бийге катышып, үйрөнсө болот. Ал нерсе адамдын өзүнөн гана көз каранды. Кээ бирлер бат үйрөнөт, айрымдар болсо кечирээк үйрөнүшөт. Баардык бийдин өзүнүн техникасы болот. Ошондуктан,профессионал хореографка келип үйрөнгөн оң. Айрым учурда өздөрүнчөвидеолордон көрүп туура эмес үйрөнүп алышат, аларга кийин кайрадан үйрөтүү кыйын болот. Оозеки техникасын айтуунун пайдасы жок, аны практика жүзүндө көргөзүү керек. Хореографтын башкы милдети бул бийди жөн гана үйрөтүп коюу эмес,окуучусун толугу мененкөзөмөлдөш керек.Анткени, ар бир инсан өзгөчө. Аларга индивидуалдуу мамиле жасоо керек. Себебиар ким ар кандай каталарды кетирет да.

- Кыргызстанда бийдин бул түрү боюнча кандай сынактарга катыштыңыз эле?

- Чынында сынактарга катышкан деле эмесмин. Бишкекте көп эле кароо-сынактар уюштурулуп келет. Убакытым өтө тар. Эртеден кечке бийчи кыздарыма сабак берип, андан тышкары кардарлар да көп чалышат, аларга жооп берип жатып күнүм өтүп кетет.Ошондой эле, ар кандай сьемкалар болуп калат. Чыгармачыл адам болгондон кийин бир жерде токтоп тура албайт экенсиң, изденип жүрүп ордумду ырчылык кесиптен да таптым.

- Күнүнө машыгуу үчүн канча убактыңыз кетет?

- Сабак бергендиктен машыгуу менде күнүгө 4-5 саатка чейин созулат. Ошондой болсо да, баарын алдын ала пландаштырып, убакытты туура пайдаланууга аракет кылам.

- Сабак бергениңизге канча болду? Чыгыш бийин үйрөнүүдө жаш өзгөчөлүк барбы?

- Сабак берип баштаганыма көп жыл болуп калды. Чыгыш бийин үйрөнөт элем деп келген кыздардын саны арбын. “Аракет кылсаң,берекет” дегендей тынымсыз аракет кылсаң сөзсүз берекесин берет экен. Ушундай ийгиликтерге бир гана эмгектин арты менен жеттим. Ал эми жаш куракка анчалык деле басым койбойм. Бирок, 5 жаштан 70 жашка чейинкилер келишет. Азыркы учурда көп аялдар остеохондроз, сколеоз, кан басымынын туруксуздугу ж.б дарттарга кабылышкан. Көбүнчө ошол себептен, бий ийримдерине келип машыгышат. Жумушума абдан сүйүп берилгендиктенби, айтор мага келген айымдар өздөрүнчө бактылуу болуп, көңүлдөрү көтөрүңкү кетсе, мен да өзүмдү бактылуу сезип калам.

- Сабак берүүдөн тышкары бийчи кыздардын тобун да ачсаңыз керек?

- Ооба, “Асель банум” бийчилер тобун ачкам. Тойлорго жана кечелерге чакыруулар болсо чыгарып турам. Топтун жетекчиси болуу өтө кыйын, жоопкерчилик абдан чоң болот. Костюмдарынан баштап, уюштуруучулук иштердин баарына чуркайсың.

- Беллиданс бул абдан кооз, сулуулукту даңктаган, мырзалардын көңүлүн кош калтырбаган бий. Практикаңызда мырзалар да үйрөнөт элем деп эшик каккандар болду беле?

- Жеке практикамда андайга туш боло элекмин (күлүп). Чыгыш бийин катырабийлеген мырзалар жок эмес,көп эле. Ал эми бизде болсо, менталитетибизге байланыштуубу чанда гана бийлешет. Эгер мырзалар келген күндө деле ала албайм, шарттарым кыздар үчүн гана түзүлгөн. Мага намаз окуган, дин жолунда жүргөн кыз-келиндер да келишет.

- Негизинен бийди өтө арык эмес, бирок ошол эле учурда абдан келишимдүү айымдардын бийлеп жатканын көрүбүз. Бийге байланыштуу форманы кармоо максатта атайын бир диеталардын зарылчылыгы барбы?

- Шарттуу түрдө бир диетаны кармаш керек деген эреже жок. Адамдын толук же арык болушу анын организминин өзгөчөлүгүндөболсо керек. Негизи кечкисин бийден чыккандан кийин тамак жебеш керек. Машыгуудан чыгып алып тамак жегендер көбүнчө толуп кетишет. Ошондой эле, машыгуу алдында бир саат мурда тамактануу керек. Ошондо гана форманы сактоого болот.

- Сиз үчүн бийде эмне маанилүү? Артистизм, костюм же бийдин коюлушубу (постановка)?

- Ар бир кесипкөй хореограф бийдин көркүн эмне ачаарын жакшы түшүнүшөт. Жеке мен үчүн бийдин коюлушу маанилүү. Бирок азыр тойлорго чыгууда костюмдарга да маани берилерин түшүнүп баштадым. Ошондуктан, костюмдарга да көңүл буруп, кылдат мамиле кылып жатам.

- Кайсы бийчилердин аткаруусун көрүп өзүңүзгө дем-күч аласыз? Чыгыш бийинин ханышасы деп кимди атай аласыз?

- Дүйнөдөгү мыкты бийчилердин бири деп Екатерина Чернышованы атай алам. Бул айымда бийчилик өнөргө тиешелүү бардык талаптар бар. Кесипкөй бийчи катары баалайм.

- Бул бийди үйрөнөм деген сулууларга бере турган эң маанилүү кеңешиңиз?

- Чыгыш бийи айымдар үчүн абдан пайдалуу. Ар кандай ооруларга каршы, дене-мүчөнүн сакталышына чоң жардамын тийгизет. Көңүлүңдү көтөрүп, өзүңө болгон ишенимдүүлүктү арттырат. Үйрөнгүсү келгендерге жок дегенде базалык курсту кесипкөй хореографтардан өтүүнү кеңеш кылат элем.Чыгыш бийин үйрөнүүдө чек коюлган эмес, арык, толук, жаш, улуу айымдарга да болот.

- Маегиңизге ырахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз!

Маектешкен Алина Керимбекова

Пикир

Оставить комментарий