• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Массалык уулануу болгон “Ала-Тоо” рестораны жакында ишин жандантат

Коом 0

Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. Массалык уулануу болгон “Ала-Тоо” рестораны жакынкы убакта ишин жандантат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин тараткан маалыматында айтылат.

Эске сала кетсек, 30-мартта “Ала-Тоо” ресторанындагы тойдон соң коноктор жана алардын туугандары тамак-аштан массалык түрдө ууланышкан. Бишкек шаардык Мамсанэпидемкөзөмөл Борборунун башкы дарыгери Артур Буюкляновдун айтуусунда, бардыгы болуп тойго 192 адам катышкан. Жабыркагандардын биринчи агымы 31-мартта саат 19:30дан соң ооруканага кайрыла башташкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Андан тышкары, имараттын жетекчисине 20 миң сом, ал эми ашпозчуга – 5 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Ресторандын иши убактылуу токтотулган.

Атайын жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында маалым болгондой, “Ала-Тоо” ресторанындагы 249 адам массалык түрдө тайча даярдалган тоок этинен ууланышкан.

Мамманэпидемкөзөмөл борборунун лабораториялык текшерүүсүнөн кийин маалымдалгандай, тооктун этинен сальмонеллеза бактериясы табылган.

Бардыгы болуп 249 адам ууланган: Бишкекте – 204, республика аймактарында 45.

Пикир

Оставить комментарий