• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Массалык уулануу. Ошто "Сахобат" цехинин кондитердик азыктары жок кылынды

Аймак 0


Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Ош шаарындагы таштанды таштоочу жайда Санэпидкөзөмөлборборунун кызматкерлери тиешелүү комиссиянын катышуусунда “Сахобат” цехинин кондитердик азыктарын жок кылышты.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, аталган азыктар жарандардын массалык уулануусуна алып келген.

Эске салсак, таттуу токочторду жегенден кийин 35 адам ууланып, анын ичинен 14 бала ооруканага түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий