• 79.5
  • 84.83
  • 1.4

Материалдык чыгым дээрлик 500 миң сомду түзгөн. Москва районунда дүкөндү тоногондор кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.22./Кабар/. 2022-жылдын 11-январында милицияга 1970-жылы туулган М.М., аттуу жаран арыз менен кайрылып, 10нан 11-январга караган түнү Москва районунун аймагындагы жайгашкан дүкөнүнүн терезесин белгисиз адамдар талкалап киришкендигин билдирген. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Арыз ээси дүкөндүн ичиндеги терминалдардын бирин сындырышып, 7 миң 500 сомун, сырткы камеранын дискин, WI-FI роутер, атыр буюмдарын жана дүкөндүн кассасынан 20 миң сомун алып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 491 миң сомду түзгөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү делип 1998-жылы туулган О.А., жана 1995-жылы туулган С.А., кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий