• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Материалдык резервдер фондунан аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылуучу ун жер-жерлерге жеткирилүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн ун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратуу үчүн өлкө аймактарына жеткирилип, таратылууда. Биринчилерден болуп Жалал-Абад облусунун Сузак районуна, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Ош шаарына жеткирилди.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн 790 тонна унду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги облустардагы кампаларга жеткирди.

2020-жылдын 2-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн Бишкек шаарынын мэриясына 257 тонна, Ош облусуна 205 тонна, Жалал-Абад облусуна 250 тонна жана Ысык-Көл облусуна 80 тонна ун берилди.

Мындан тышкары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду күнүнө 200 тоннага жакын унды аймактарга жөнөтүп турмакчы. Бул үчүн фонддун капмаларында буудай жана ун жетиштүү көлөмдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бөлүнгөн ун атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде жардамга чындыгында муктаж болгон калктын аярлуу катмарына таратылып жатат. Ал эми бөлүштүрүү аракети өзгөчө абалдын талабын сактоо менен жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий