• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Материалдык резервдер фондунда 65 аталыштагы дарынын запасы даярдала баштады – өкмөт башчы

Ден соолук 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 65 аталыштагы дары-дармектин запасы даярдала баштады. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен коронавирусту дарылоого керектүү дары-дармектер жана медкаражаттардын тизмеси жаңыртылган.

"15-сентябрга карата 85 млн сомго дарынын 27 түрү сатылып алынды. Дары-дармектер аптекаларда жетиштүү, кийинки алып келүүлөр 15-сентябрдан тартып (бүгүндөн) белгиленген", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий