• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Матрезерв фонду 2 млн сомдон ашуун бюджеттин каражатын максатсыз пайдаланган

Коом 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Аскер прокуратурасы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунда текшерүү жүргүзүлдү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө фонддун кызмат адамдары мыйзамсыз жана негизсиз протоколдук чечим кабыл алуу жолу менен Фонддун жооптуу сактоочуларына (ун тартуучу ишканалар) ар бир 1 000 тонна унду сатып беришкендиги үчүн “бонус” катары 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатты төлөп берип, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланышкандыгы аныкталды.

Белгилей кетсек, мындай протоколдук чечим Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында каралган эмес.

Натыйжада, республикалык бюджетке 2 млн сомдон ашуун зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Пикир

Оставить комментарий