• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Маттейс де Лигт "Ювентус" клубуна 75 млн еврого расмий түрдө өттү

Спорт 0

Бишкек, 18.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Туриндик клуб өзүнүн расмий сайтына "Аякс" командасынын оюнчусу Маттейс де Лигт "Ювентуска" өткөндүгүн жазды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки тарап 19 жаштагы оюнчу менен 5 жылдык келишим (2024-жыл) түздү. Де Лигт үчүн "Аякс" клубуна туриндиктер 75 миллион евро төлөп берген. Келечекте бонус катары 10,5 миллион евро да кошулушу мүмкүн.

Буга чейин де Лигт италиялык Серии А чемпионатында жылына 12 миллион евро айлык алып, аталган чемпионаттын эң кымбат оюнчусу болоору айтылган.

Жаш футболист өткөн сезондо 55 оюн өткөрүп, 7 гол жараткан. "Аякс" клубу менен болгон келишими 2021-жылга чейин түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий