• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Матвиенко Турсунбековго жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.10.17 /Кабар/. Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин мурдагы Төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбековго жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык катын жөнөттү.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, анда мындай деп айтылат:

“Урматтуу Чыныбай Акунович!

Сизге жемиштүү ишиңиз жана россия-кыргыз алакаларын бекемдөөгө, постсоветтикалкактагы, айрыкча КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын деңгээлиндеги интеграциялык байланыштарды тереңдетүүгө кошкон салымыңыз үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Өз ара сый-урматка негизделип, өлкөлөрүбүз менен жарандарыбыздын кызыкчылыгына шайкеш келген алакабыз ар убак маанилүү болуп келди.

Сизге бекем ден-соолук, жакшылык жана мындан аркы ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм".

Пикир

Оставить комментарий