• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Мазда-Демио" унаасы, тез татым жайы күйгөн. Сутка ичинде катталган өрт кырсыктары

Кырсык 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Абдыкадыров менен Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинде "Мазда-Демио" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Ал эми Автосборочная көчөсүндө турак үйдүн жанында кароосуз калган курулуш вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык.

Чүй облусунун Токмок шаарынын Октябрь көчөсүндө "Жылдыз" автовокзалында жайгашкан от жаккан бөлмөнүн бир чарчы метр мору күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу мештер жана мордун туура эмес түзүлүшү.

Ошондой эле Ош шаарынын Раззаков көчөсүндө "Минутка" тез татым жайынын 4 чарчы метр шыбы күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий