• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мбаппе дүйнөнүн эң кымбат футболчусу аталды

Спорт 0

Бишкек, 06.11.18 /Кабар/. “ПСЖ” менен Франция курамасынын чабуулчусу Кильян Мбаппе CIES Football Observatoryʹнин версиясы боюнча дүйнөнүн эң кымбат футболчусу аталды. 19 жашар оюнчу 216,5 миллион еврого бааланарын sport-express.ru жазат.

Биринчи ондукка Харри Кейн (“Тоттенхэм”, 197,3 млн. евро), Неймар (“ПСЖ”, 197 млн. евро), Мохаммед Салах (“Ливерпуль”, 173 млн. евро), Филиппе Коутиньо (“Барселона”, 171,3 млн. евро), Лионель Месси (“Барселона”, 170,6 млн. евро), Рахим Стерлинг (“Манчестер Сити”, 164,6 млн. евро), Ромелу Лукаку (“Манчестер Юнайтед”, 164,3 млн. евро), Антуан Гризманн (“Атлетико”, 157,7 млн. евро), Пауло Дибала (“Ювентус”, 155,6 млн. евро) кирет.

Эң кымбат жарым коргоочу деп Деле Алли (“Тоттенхэм”, 163,4 млн. евро) таанылды. Коргоочулар арасында Самюэл Умтити ("Барселона", 99,2 млн. евро), дарбазачылар арасында Эдерсон ("Манчестер Сити", 102 млн. евро) сап башында турат.

Пикир

Оставить комментарий