• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мбаппенин катасы. Швейцариянын командасы Францияны артта калтырып, чейрек финалга өттү

Спорт 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Футбол боюнча Европанын чемпионатынын 1/8 финалында Швейцариянын курамасы Франциянын командасы менен оюн өткөрдү. Бул тууралуу Интерфакс басылмасы жазат.

Оюн 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Андыктан 11 метрлик сокку белгиленди. Анда Швейцариянын футболчулары күчтүүлүгүн көрсөтүп, 5:4 эсебинде франциялык оюнчуларды артта калтырды.

Белгилей кетсек, 11 метрлик соккуда эсеп 4:4 болуп турган маалда франциялык оюнчу Килиан Мбаппе гол киргизе албай калган.

Пикир

Оставить комментарий