• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

МБК: “Аткезчилик менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ири суммадагы аткезчиликти аныкташты”

Укук тартиби 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. “Түндүк” темир жол бажысынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан баасы 847 249 сомдук жабдууларды мыйзамсыз ташуу аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, “Н” ЖЧКсы КРнын аймагына «Atlas Corgo Liutech» көчмө аба компрессорун ташууда ЕАЭБдин бажы мыйзамын бузган. Кыргызстанга келтирилген зыян ири көлөмдө, буга ылайык, иштин материалдары КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына КР КК ылайык кароого берилди.

Пикир

Оставить комментарий