• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

МБК: Бажы кызматынын 26 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды

Коом 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. Бажы кызматынын 26 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-февралда ведомствонун коллегиясы өтүп, 2019-жылдын жыйынтыгы чыгарылган. Анда токтомдордун аткарылышы, дисциплина жана каржылык маселелер талкууланган. Жыйынтыгында бажы органдарынын төрт жетекчисине, ошондой эле бажы каттоосунда эмгектенген 12 жетекчиге дисциплинардык чара көрүү чечими чыгарылды.

Мындан сырткары, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери аткезчиликке каршы алгылыктуу иш алып барбаганы үчүн жазаланган.

Пикир

Оставить комментарий