• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

МБК КРнын мамлекеттик желегинин 25 жылдыгына арналган флешмоб өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы КРнын мамлекеттик желегинин 25 жылдыгына арналган флешмоб өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, бүгүн, 3-мартта КР Өкмөтүнө караштуу МБКда өткөрүлгөн расмий иш-чарага ведомствонун жалпы өздүк курамы чогултулуп, КРнын желеги көтөрүлдү. Флешмоб кызматкерлерди мекенчилдикке жана мамлекеттик белгилерди сыйлоого тарбиялоо максатында уюштурулгандыгын МБКдан белгилешти.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу кызыл түстүү кезденин чок ортосунда жайгашкан алтын түстүү 40 нурлуу күндү чагылдырып турат. Күндүн ичинде кыргыз боз үйүнүн түндүгү тартылган. Кызыл түс эрдикти, тайманбастыкты билдирсе, нуруна чалкыган алтын Күн бейпилдикти жана байлыкты чагылдырат. Ал эми түндүк – өз үйүңдүн, кеңири маанисинде бүтүндөй ааламдын белгиси. 40 нур бүтүн Кыргызстанга бириккен байыркы кырк уруунун ынтымагы. Түндүк өлкөдө жашаган элдердин биримдиги. Кызыл түс ошондой эле эпикалык каарман Манас баатырдын байрагынын түсү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий