• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

МБК: Кытайдан ташылып келе жаткан аткезчилик телефондор кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Борбордук бажы кызматынын аткезчилик менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 597 530 сом бажы салыгын төлөбөй коюу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, “И” ЖЧКсы тарабынан Кыргызстанга Кытайдан товар алып кирүүдө Евразия экономикалык биримдигинин бажы мыйзамдарын түздөн-түз бузуу фактысы катталган, анда чөнтөк телефондор жана фитнес-сааттар үчүн бажы салыгы төлөнгөн эмес.

Бажы кызматынын кызматкерлеринин эсеби боюнча, салык төлөөгө жаткан жалпы сумма жарым миллион сомдон ашат. Аталган факты боюнча материалдар КРнын тиешелүү кылмыштуулук мыйзамына ылайык чечим чыгаруу үчүн КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий