• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

МБК: Новиковдун сын-пикири Бажы кызматына эмес, башка контролдоочу органдарга багытталган

Коом 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы социалдык тармактарда жана интернет басылмаларында жарыяланган бажы кызматын сындоо жөнүндө маалыматы төгүндөйт.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылдын 28-ноябрында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында “Чалдовар” бекетин карап чыгып, “Жыйынтыктоочу пост” бирдиктүү маалымат системасын түзүү зарылчылыгын белгилеп кетти.

Премьер-министрдин болгон жумушчу сапарынан кийин 2020-жылы 30-ноябрда саат 09:45те “Вечерний Бишкек” маалымат сайтында “Новиков бажыга жабдыктарды көрүүгө келсе, ал жок экен (видео)” аттуу макала жарыяланган. Андан кийин ушундай маалымат башка интернет басылмаларында да чыгып, социалдык тармактарда жайылып кетти.

Аталган материал боюнча Мамлекеттик бажы кызматы төмөнкүлөрдү билдирет: "2015-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгон жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.08.2015-жылдын №385-р буйругу менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында бажы контролу алынып салынган, анын ичинде “Чалдовар - автожолу” контролдук-өткөрүү пунктунда да алынган. Ушундан улам айтылган сын-пикир Мамлекеттик бажы кызматына эмес, башка контролдоочу органдарга карата багытталган".

Пикир

Оставить комментарий