• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МБКнын башчысы Кулматов кеткенден кийин кызматкерлер массалык кызматтан кетүүдө деген маалыматты төгүндөдү

Коом 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. КР Мамлекеттик бажы кызматында (МБК) Кубанычбек Кулматов төрагалыктан кеткенден кийин массалык түрдө кызматтан бошонуп кетүүлөр жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө КР МБКнын төрагасы Алмаз Оңолбеков билдирди

Журналисттер Оңолбековго суроо узатышып, Кулматовдун МБКнын кызматкерлери массалык түрдө кызматтан кетүүгө ниеттенишүүдө деген билдирүүсүнө кызыгышты.

“Бүгүнкү күндө жамаатта кызматтан кетүү тууралуу арыз жок. Үстүбүздөгү мезгилде эч кимди терс мотивдер боюнча кызматтан алган жокбуз. Жашына байланыштуу арыздар бар, башкача айтканда жаш курагы жетип калгандар. Массалык агым жок. Буга тынч эле реакция кылуу керек”,-деп түшүндүрдү МБКнын башчысы.

Пикир

Оставить комментарий