• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ҮМБлар коронавирус менен катар сасык тумоого каршы эмдөө иштерин жүргүзүүдө - дарыгер

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Азыркы учурда бардык ҮМБлар коронавирус илдети менен катар тобокелге кабылган адамдарга сасык тумоого каршы эмдөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаардык №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгеринин орун басары Аиза Солтогулова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарына жалпысынан Россия өндүрүшүндөгү 14 миң 685 доза "Гриппол плюс" сасык тумоого каршы вакцина келген (сериясы 140821, жарактуулук мөөнөтү 2022-жылы августка чейин) 2021-жылдын 13- октябрына карата 3579 адам эмдөөдөн өткөн.

Ошондой эле, Аиза Солтогулова тумоого каршы эмдөө акы төлөнүүчү негизде "Малыш", "Гиппократ", "Эдельвейс", "Кроха", "Поликлиника 312", МЦ KG, ЦАДМИР, "Интермедикал" жеке медициналык борборлорунда жүргүзүлүп жатканын, баасы 450дөн 700 сомго чейин өзгөрөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий