• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МЧК: 6-сентябрда кыргыз-кытай чек арасы ачылат

Коом 0

Бишкек, 04.09.17. /Кабар/. 2017-жылдын 6-сентябрында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы убактылуу жабылган “Иркештам унаа жолу” ачылып, аталган тилке аркылуу адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү калыбына келтирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, Кытай тараптын демилгеси менен Курман айт майрамына карата 1-5-сентябрга чейин кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Иркештам унаа жолу” тилкеси убактылуу жабылган болчу.

Пикир

Оставить комментарий