• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

МЧК: Чек арада абал туруктуу, айрым ЖМКда тарап жаткан видео - эски

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Айрым ЖМКларда чек арада башаламандык жана чыр болуп жатат деген видео тарап жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

Чек ара кызматынан маалымдашкандай, аталган видео 2020-жылдын 31-майында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара аймагында тартылган.

"Учурда Кыргыз Республикасынын баардык мамлекеттик чек ара аймактарындагы абал туруктуу. Чек арага байланыштуу суроо же маселе жаралса, анда КР Мамлекеттик чек арасынан тактоону жана жалган маалымат таратпоону суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий