• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

МЧК: Казакстан кечээ жарандарды өткөрүүнү тездетип, бүгүн кайрадан басаңдатты

Коом 0

Бишкек,12.10.17./Кабар/. 11-октябрда саат 23:00дөн тарта казак тарап жарандарды өткөрүүнү тездетип, натыйжада бир жарым саттын ичинде бардык жарандар өткөрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Бирок таңкы саат 8:00дөн тарта казак тарап чек ара көзөмөл өткөрүүнү кыйла басаңдатты, ошого байланыштуу “Акжол-унаа жолу” көзөмөл өткөрүү жайында жарандардын топтолуусу байкалууда”,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда жеңил жана жүк ташуучу унаалардын саны азайды, бирок казак тараптын өткөрүүнү кечеңдетүүсүнөн улам тыгындын пайда болуусу көбөйүүдө.

КР МЧК бөлүмү кызматты күчөтүлгөн тартипте өтөөнү улантууда.

КР Мамлекеттик чек ара кызматы абалга байланыштуу жарандарды көзөмөл өткөрүү пункттарынан өтүүнү алдын ала пландап алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий