• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-февралда Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Дача жергесинде (Аксай айылы) Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү жолуккан.

Сүйлөшүүнүн соңунда эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана кадастрдык кызмат өкүлдөрүнүн катышуусунда кошумча жолугушуу өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган.

Тараптар аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү эртең, 12-февралда уланта тургандыгы кабарланды.

Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күн сайын нөөмөттө турушат.

Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекетик чек арасындагы абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий