• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МЧК мамлекеттик чек аралардагы кызматкерлерди жаңы техника менен камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы (МЧК) мамлекеттик чек аралардагы кызматкерлерди жаңы техника менен камсыздайт. Бул тууралуу МЧКнын төрагасы Уларбек Шаршеев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик чек араны жаңы каражаттар жана курал-жарактар менен камсыз кылуунун арты менен чек араны коргоону жакшыртуу боюнча иштер уланып жатат.

“Биз дистанциялык техниканы колдонуу менен чек араны коргоону бекемдөө үчүн эски техниканы жаңыга алмаштырууну пландап жатабыз”, - деди ал.

Мындан сырткары ал МЧК чек арадан өтүп бараткан адамда баңгизатынын бар же жоктугун аныктоочу техниканы сатып аларын билдирди.

Евразия экономикалык биримдигине кирүү менен КРнын мамлекеттик чек араларындагы бардык өткөрүү пункттары жабдууланат.

“Жүк ташуучу унааларды карап чыгуучу атайын техника бар. Анын өздүк наркы болжол менен 12 миллион доллар турат. Биз учурда баңгизатын таба турган көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу техниканы сатып алууну пландап жатабыз”, - деди Шаршеев.

Пикир

Оставить комментарий