• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МЧКнын башчысы КР чек араларындагы абалды тынч деп баалады

Коом 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) башчысы Уларбек Шаршеев Кыргызстандын чек араларындагы абалды тынч деп баалады. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айтты.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында мамлекеттик чек араларда 8 окуя болду. Анын ичинен кыргыз-тажик чек арасында 5, кыргыз-өзбек чек арасында 3 окуя катталды.

“Быйыл былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 окуяга азыраак болду. Жалпысына алганда чек аралардагы абал тынч деп бааланууда”, - деди Шаршеев.

Ал ошондой эле ушул жылдын июль айында чек ара кызматынын 2 аскер кызматкери мыйзамсыз кармалган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын айтты.

“Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери менен иликтөө жүрүп жатат. Натыйжада күнөөлүүлөр жазаланат”, - деди Шаршеев.

Пикир

Оставить комментарий