• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«МЭА» ААКнын үч аэропорту «КМШ өлкөлөрүндөгү жылдын мыкты аэропорту» сынагында жеңүүчү деп табылды

Коом 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэрпорту» ААКнын үч аэропорту «КМШ өлкөлөрүндөгү жылдын мыкты аэропорту» сынагында жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москвада «Заманбап аэропорт» 60-Москва эл аралык конференциясы жана «Аэропорттордун техникасы, жабдуулары жана технологиялары» аттуу көргөзмөсү болуп өттү, анын алкагында «КМШга мүчө болгон мамлекеттердин мыкты аэропорту» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Жыл сайын өтүүчү сынак КМШга мүчө-мамлекеттердин аэропортторун ички жана эл аралык рыноктордо ийгиликтүү өнүктүрүүнү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, алардын жетишкендиктерин жайылтуу, жүргүнчүлөрдү тейлөө деңгээлин жогорулатуу, учуу коопсуздугун камсыз кылуу жана авиация мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу максатында Жарандык авиациянын Аэропорт ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Мелдештин катышуучулары отчёттук жылда жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, жарандык авиацияны өнүктүрүүгө зор салым кошкондор үчүн уюштуруу комитети тарабынан бааланды. Бардык номинанттар жеңишке жетүү үчүн төрт категория боюнча ат салышкан, алар - «КМШ өлкөлөрүндөгү жылдын мыкты аэропорту», «Жигердүү өндүрүштүк ишмердүүлүгү үчүн», «Аэропортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн», «Динамикалуу өнүккөн аэропорт».

"Жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү жылына 1 миллиондон ашык жүргүнчүнү түзгөн аэропорттордун ичинен 2021-жылга карата КМШ өлкөлөрүнүн аэропортторунун арасында «Динамикалуу өнүккөн аэропорт» номинациясы менен «Манас» эл аралык аэропорту жеңүүчү аталды. Ошондой эле КМШга мүчө-өлкөлөрүнүн 2021-жылга карата иштин жыйынтыгы боюнча «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропорттору сынактын «Аэропортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн» номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды", - деп айтылат маалыматта.

25-майда иш-чарага катышкан «МЭА» ААКнын башкы директорунун инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү боюнча орун басары Абдумалик Бусурманкулов менен «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жетекчиси Алмаз Абдрахмановго Жарандык авиациянын Аэропорт ассоциациясынын президенти тарабынан кубок жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий