• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2021-жылы 3,8 млн жүргүнчүнү тейлеген

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2021-жылдын 12 айындагы өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн жылы «МЭА» ААКнын аэропортторунда 33 миң 761 каттам аткарылган. Алардын 22 миң 802си эл аралык каттамдар болсо, 10 миң 959у ички каттамдар.

Жалпы 3 млн 988 миң 614 жүргүнчү тейленди. Анын ичинен, 2 миллион 592 миң 175 - эл аралык каттамдардын, 1 миллион 396 миң 439 - ички каттамдардын жүргүнчүлөрү.

Ошондой эле 2021-жылы 23 миң 763 тонна жүк ташылган.

Тактап айтканда:

«Манас» эл аралык аэропортунда 18 миң 687 каттам аткарылган:

  • эл аралык каттамдар – 13 миң 325;
  • ички каттамдар – 536.

Жалпы 2 миллион 126 миң 354 жүргүнчү тейленген:

  • эл аралык каттамдар – 1 млн 437 миң 50 адам;
  • ички каттамдар – 689 миң 304 адам.

«Ош» эл аралык аэропортунда 13 миң 914 каттам аткарылды:

  • эл аралык каттамдар – 8453;
  • ички каттамдар – 5461.

Жалпы 1 млн 750 миң 857 жүргүнчү тейленген:

  • эл аралык каттамдар – 1 млн 56 миң 310 адам;
  • ички каттамдар – 694 миң 547 адам.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда 1160 каттам аткарылды:

  • эл аралык каттамдар —1024;
  • ички каттамдар — 136.

Жалпы 111 миң 403 жүргүнчү тейленген:

  • эл аралык каттамдар – 98 миң 815 адам;
  • ички каттамдар – 12 миң 588 адам.

Пикир

Оставить комментарий