• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мечиттеги акчаны уурдоого шектелип 2 жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айылындагы мечитте садака кутучасындагы акчаны уурдоого шектелип 2 бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 10-июль күнү Милянфан айылындагы мечитте белгисиз бирөөлөр садака кутучасындагы акчаны уурдап кеткени айтылган.

Милиция кызматкерлери бул ишке тиешеси бар деп Талас облусунун 21 жаштагы К.А. жана Бишкектин 23 жаштагы О.И. аттуу тургунун кармашкан.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде "Уурдоо" беренеси боюнча каттоого алынган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий