• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Медакадемия коронавирус менен күрөшкөн медиктерге арнап сүрөт көргөзмөсүн өткөрүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы коронавирус менен күрөшкөн медициналык кызматкер, окуу жайлардын мугалимдери, студент жана ординаторлоруна арнап сүрөт көргөзмөсүн өткөрүүдө.

Көргөзмөдө пандемия күч алган учурда эрдик көрсөтүп коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлердин сүрөттөрү коюлган. Ошондой эле өзүнчө бөлүмдө коронавирус менен алышып жатып каза болгон дарыгерлердин сүрөттөрү илинген.

Дагы бир бөлүмдө коронавирус менен болгон күрөштө каза болгон Медициналык академиянын студенти Адинай Мырзабекованын сүрөттөрү, Мырзабекованы “Эрдик” медалы менен сыйлоо тууралуу президенттин жарлыгынын көчүрмөсү жана маданияттын эмгек сиңирген ишмери А.Пазыловдун “Адинайды эскерүү” тууралуу ыры коюлган.

Уюштуруучулардын айтымында, көргөмөдөгү сүрөттөр Медициналык академия тарабынан түзүлүп жаткан музейге коюлат.

Пикир

Оставить комментарий