• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Медакадемия кыргыз тилиндеги медициналык сөздүктү жаңылайт

Коом 0

Бишкек, 24.01.18 /Кабар/. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окутуучулары кыргыз тилиндеги жаңы медициналык сөздүктөрдү түзүү жана эскилерин жакшыртуунун үстүндө иштешет. Бул тууралуу академиянын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте адистер кеңири колдонулган кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча медициналык сөздүктөр менен иштешмекчи. Андан соң кыргыз тилиндеги медициналык атоолордун түшүндүрмө сөздүгүн түзүшөт.

КММАнын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын жаңы жылдагы биринчи отурумунда иш план талкууланды. Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, кыргыз тилинин потенциалын болочок дарыгерлерди окутууда медициналык ЖОЖдун сабаактары боюнча жаңы окуу китептеринин, атайын, анын ичинде электрондук түрдөгү адабияттардын жардамы менен чындап колдонуу керек

Бул максатка жетүү үчүн бир нече жыл бою КММАнын интеллектуалдык күчү жана материалдык-финансылык мүмкүнчүлүктөрү тартылат.

Айта кетсек, ЖОЖдун окуу процессине жана иш жүргүзүүсүнө мамлекеттик тилди киргизүү маселесин Медакадемиянын Окумуштуулар Кеңешинин жакынкы жыйындарында каралат. Мында КММАнын проректору, профессор Кеңешбек Ырысов отчеттук баяндама жасайт.

Пикир

Оставить комментарий