• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Медакадемия Мамлекеттик тил күнүн онлайн белгилейт

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бардык бөлүмдөрү 23-сентябрь – Кыргызстандын Мамлекеттик тил күнүн онлайн түрүндө салтанаттуу белгилейт. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Учурда КММАнын сайты жана социалдык тармактарда ар кайсыл сабактар боюнча мугалимдердин кыргыз тилинде окуган сабактарынын үзүндүлөрү, ошондой эле студенттер аткарган ырлар, поэтикалык саптар, майрамдык куттуктоолор видеого тартылып, таратылып жатат.

"Медакадемиянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору жогорку медициналык билим берүүдө жана окуу жайында иш кагаздарын жүргүзүүдө кыргыз тилин пайдаланууну жакшыртуу боюнча жаңы программанын үстүнөн иштөөдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий