• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Медакадемияда Дагестан медуниверситетинин окутуучусу такшалмадан өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Кечээ И.К.Ахунбаев атындагы кыргыз медициналык академиясына Дагестан мамлекеттик медициналык университетинин (Россия) жалпы хирургия кафедрасынын ассистентти Асли Абдуллаева бир айлык такшалмадан өтүү үчүн келди.

КММАнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул Кыргызстандын Медакадемиясы менен Дагестандын медуниверситетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлгандан кийин мүмкүн болгон.

Махачкаладан келген алгачкы конокту бүгүн, 22-мартта КММанын ректору, профессор Индира Кудайбердиева кабыл алды. Баарлашуунун жүрүшүндө эки ЖОЖдун ортосунда студенттер жана окутуучулар менен алмашуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Такшалманын жүрүшүндө А.Абдуллаеванын кыргыз хирургдарынын иштөө ыкмалары менен жакындан таанышуу, КММАдагы лекцияларга жана башка иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүгү болот.

Пикир

Оставить комментарий